Белгилүү ырчылар Вера Брежнева менен Dan Balan 2010-жылы "Лепестками слез" чыгармасын күйөрмандарга тартуулашкан. Ошол жылдары ыр хитке айланып, хит-параддарда алдынкы орунду бербей келген. Эми эки ырчы 7 жылдан соң кайрадан бирге эмгектенип, жаңы чыгармасын ыр сүйүүчүлөргө тартуулашты. Эки таланттын "Наше лето" ырынын клиби 11-августта интернетке жүктөлдү. Клип кыска убакыт аралыгында миллиондон ашуун көрүүгө ээ болду.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.