Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 19 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-август күнү Ысык-Көл районундагы "Вавилон" эс алуу жайында 1998-жылы туулган Т.Ш. аттуу Нарын облусунун тургуну көлгө чөгүп кеткен. Кечээ, 13-август күнү суучулдар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, саат 09:05те жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.