"Атанын керээзи" тасмасы Италияда өткөн "Лукания" эл аралык кинофестивалында 2 байгеге ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун расмий сайтында жарыяланды.
Кинофестиваль Италиянын Маркония шаарында 9-13-август аралыгында өткөн. Анда толук метраждуу тасмалардын сынагына Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы катышып, "Мыкты толук метраждуу тасма" жана "Мыкты сценарий" номинацияларын жеңип, байгелерге ээ болду.
"Мындан сырткары италиялык дистрибьюторлор тасманы фестивалдын мыкты тасмасы экенин айтышып, Венециядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүшөрүн билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.