Бишкек-Ош жолунда БМВ үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда БМВ үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 274-чакырымында (Токтогул району) болгон. Анда БМВ-320 үлгүсүндөгү унаа менен БМВ-520 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, кыпчылып калган 1 адамды чыгарышкан. Жабырлануучу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан