16-августтан баштап шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси илинет. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Ал аталган комиссия шайлоонун бир нече этаптарын өткөрүү иши жүрүп жатканын айтты. “Жарандар шайлоо участокторунан өздөрү тизмеде бар же жок экенин тактап алышса болот. Ошондой эле shailoo.srs.kg сайты аркылуу дагы тизмесин тактаса болот. Сайтта тизме күн сайын жаңыланып турат. Ошондой эле 119 номеринен аты-жөнү аркылуу тактап алса болот. Кошумча шайлоо участокторуна 30-сентябрга чейин кайрылып, каттала алат”, - деди ал.
Мындан тышкары ал учурда талапкерлерди каттоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.