Бүгүн, 14-августта саат 10:30дар чамасында Ысык-Көл облусундагы Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунда жүргүнчү ташыган маршруттук таксинин айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кетти. 15тен ашуун жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Бактыга жараша, каза болгондор жок. Бул тууралуу айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.