Топ-Лига: "Алай" командасы 34 упай менен турнирдик жадыбалда 1-орунда келе жатат. 13-турдун жыйынтыгы

12-13-августта футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 13-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда "Кара-Балта” - “Абдыш-Ата”, “Нефтчи” - "Дордой" жана “Алай” - "Алга" беттештери орун алды.

"Кара-Балта” – “Абдыш-Ата” - 0:1

“Абдыш-Ата” командасы конокто "Кара-Балта” менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Анда "Кара-Балтанын" оюнчусу Сергей Чекишев, 43-мүнөттө өз дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Бул жеңиш менен "Абдыш-Ата" командасы 22 упай топтоп турнирдик жадыбалда 3-орунда турат, ал эми "Кара-Балта" командасы 7 упай менен жадыбалдын алдында турат.

"Кара-Балта” (Кара-Балта) – “Абдыш-Ата” (Кант) - 0:1

Голдор: Сергей Чекишев 43-мүнөт (өз дарбазасына).

“Нефтчи” – "Дордой" - 0:1

“Нефтчи” командасы өз үйүндө "Дордойду" кабыл алып, 0:1 эсебинде жеңилип калды. Эсепти 57-мүнөттө "Дордой" командасынын оюнчусу Александр Мищенко ачты. Оюндун жыйынтыгында "Дордой" командасы 22 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунда, "Нефтчи" командасы 15 упай менен 4-орунду ээледи.

“Нефтчи” (Кочкор-Ата) – "Дордой" (Бишкек) - 0:1

Голдор: Александр Мищенко 57-мүнөттө.

"Алай" – "Алга" - 2:1

Ош шаарында орун алган "Алай" – "Алга" беттеши 2:1 эсеби менен жыйынтыкталды. 11-мүнөттө "Алганын" оюнчусу Ильдар Амиров пенальтини мыкты аткарып, эсепти 0:1 кылды. 1-таймдын аягында "Алай" командасы Акрам Умаровдун голу менен жооп кайтарды. 65-мүнөттө Владимир Верёвкиндин голу жергиликтүү командага жеңиш алып келди. Бул жыйынтык менен "Алай" командасы жалпы 34 упай топтоп турнирдик жадыбалда 1-орунда турат. "Алга" командасы 10 упай менен 5-орунда.

"Алай" (Ош) – "Алга" (Бишкек) - 2:1

Голдор: Акрам Умаров 45-мүнөттө, Владимир Верёвкин 65-мүнөттө – Ильдар Амиров 11-мүнөттө (пенальтиден).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан