Бүгүн белгилүү америкалык актриса Мила Кунис 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 14-августта Украинанын Черновцы шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Анын апасы мектепте физика мугалими болсо, атасы заводдо инженер-механик болуп иштеген.
Актриса улуту тууралуу көп убакытка чейин айтпай келген. Кийин британиялык The Sun басылмасына еврейдин үй-бүлөсүнөн болорун билдирген. СССР тарагандан кийин 1991-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен. Лос-Анджелес шаарына барышкандын эртеси күнү тил билбей туруп мектепке бара баштаган. Бул боюнча өзү колледжге окууга тапшырарда жазган эссесинде "Жети жашыңызда өзүңүздүн көзү көрбөгөн, кулагы укпагандай абалыңызды элестетиңиз" дегени айтылып жүрөт.
Мила Кунис 9 жашынан баштап жарнамаларга тартыла баштаган. Ал телешоулордун менеджери Сьюзан Кертис менен таанышкандан кийин "Малибунун куткаруучулары", "Чечкиндүү Уокер" өңдүү теледолбоорлорго катышкан.
Актриса 1998-жылга чейин тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан. Андан соң "Жетимишинчи жылдардын шоусу" сериалында башкы ролдордун бирин алган. Сериалга жашы 18ден өткөндөр тартыла аларын билген актриса өзү 15 жашта экенин жашырып койгон. Бир канча эпизодго тартылгандан кийин анын жаш курагы белгилүү болуп, режиссер актрисаны алмаштырбай сериалды тартууну уланткан. Мила Кунис жогорудагы сериалга 8 жыл бою тартылып, бул мезгил аралыгында 200 сериясына катышкан.
2001-жылы "Сүйүү вирусу" тасмасына тартылган. 2002-жылы "Америкалык психопат" тасмасына тартылган, бирок тасма ийгиликтүү болбой калган.
Актрисага тасма жаатындагы ийгилик балериналардын атаандаштыгы жөнүндөгү "Кара ак куу" (2010-жылы экранга чыккан) фильминен кийин келген. Актриса мындан ары тасмаларда башкы ролдорду аткара баштайт. Анын ичинде "Достуктагы секс" (2011-жылы), "Юпитер. Чокуга чыгуу" (2015), "Аябай начар апалар" (2017) тасмаларында башкы ролду жараткан.
Жеке жашоосу
Мила Кунис "Үйдө жалгыз" тасмасында роль жараткан актер Маколей Калкин менен мамиле куруп, бирок үйлөнүшкөн эмес. 2011-жылы экөө эки башка жолго түшкөндөн кийин Маколей депрессияга түшүп баңгизат колдонгону, өз жанын кыюуга аракет кылганы айтылып жүрөт.
2012-жылы актер Эштон Кутчер менен кыз-жигит болуп, үч жылдан кийин актерго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн Уайетт Изабел Кутчер аттуу кызы жана Димитрий Портвуд Кутчер аттуу уулу бар.