SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышка окурман "Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө түндө жол кырсыгы болду, мэрия алдын алуу чараларын көрбөй жатат" деп билдирди.
"14-августка караган түнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндөгү "Топ жылдыз" бала бакчасынын алдында кайрадан жол кырсыгы катталды. Көчөнүн бул тилкеси бир тараптуу болгондуктан, унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Мындан бир ай мурда так ушул жерде бала бакчанын бир кызматкерин машина сүзүп, каза болгон. Бала бакчанын жамааты, ата-энелер, коомчулук канча какшаса да, мэрия бул жерге ылдамдыкты басаңдатуучу төшөлмө орнотпой жатат. Же башка вариант менен бул маселени чечпей жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.