"Пусть говорят" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышы Андрей Малаховсуз өттү

Орусиялык Биринчи каналдын "Пусть говорят" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышы Андрей Малаховсуз өткөнүн "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты.

Анын ордуна жаңылыктарды алып барып жүргөн Дмитрий Борисов чыкканы маалымдалат. "Телеберүүнүн катышуучулары мурунку алпаруучунун ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылышты. Анда эң көп көрүлгөн чыгарылыштардын үзүндүлөрү көрсөтүлүп, мурунку эфирлерде көрүүчүлөрдүн эсинде калган каармандар келишкен", - деп жазылат маалыматта.

Соңунда Борисов Малахов ата болгону жатканын айтып, аны куттуктаган. Андрей Малаховдун жумуштан кетиши тууралуу эч кандай комментарий берилбей келет.

Эскерте кетсек, Орусиянын Биринчи каналы "Пусть говорят" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышы тууралуу жарнамасын алпаруучулар Дмитрий Борисов жана Андрей Малаховдун сүрөттөрүнүн коштоосу менен жарыялап, кимиси алпаруучу болорун маалымдаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2017-08-14 18:04:10
Анын кандай тиешеси бар бизге. Озубуздо койгой толтура.
+6
Kymbat-02-04
2017-08-15 11:35:10
voennyi88, жалан гана озубуздун койгойлорду жаза берсе чекеден инфарк болгону калдык. Же чечилсе гана ошол койгойлор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан