Маммүлктү башкаруу фонду: "Идеал Хаус" курулуштары аукционго коюлуп 135 миллион сомго сатып алууну каалаган ишкердин сунушу четке кагылды"

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бүгүн, 14-августта жалпы баасы 342 миллион 469 миң 832 сомду түзгөн 6 объектти аукционго койду. Аукционго катышуу үчүн 8 билдирме түшкөн.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик 6 объект сатыкка коюлган. Алардын ичинен Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан 12,4 гектар аянты менен "Идеал Хаус" имараттары старттык баасы 130 миллион сомго сатыкка коюлган.

Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында жайгашкан "Мансард" толук курулуп бүтө элек коттеждин баштапкы баасы 12 миллион сомго бааланган.

Кара-Балта спирт заводунун комплекси - 200 миллион сом, жүргүнчүлөрдү ташыган "Азамат" ишканасынын акцияларынын 26,7 пайызы - 350 миң сом, "ВАСО" ишканасынын акцияларынын 0,37 пайызы - 117 миң 332 сомго жана "Транс Союз Азия" ишканасынын акцияларынын 0,0038 пайызы - 2,5 миң сомго бааланган.

"Транс Союз Азия" ишканасынын акцияларын аукциондун жүрүшүндө Оксана Лубянская 3 миң сомго сатып алган. Ал эми "Азамат" ишканасынын акциялары 450 миң сомго сатылган.

"Идеал Хаус" имараттары аукциондук баасы 130 миллион сомго сатыкка коюлганы менен, ага 4 талапкер катышты. Комиссиянын өкүлдөрү баалардын жогорулаш кадамы 5 миллион сом деп дайындаган. Аукциондун жүрүшүндө "К Инвест Плюс" коому 135 миллион сом сунуш кылганы менен, комиссиянын өкүлдөрү бул алдын ала сүйлөшүү болушу мүмкүн деп, аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Жыйынтыгында, Кара-Балта спирт заводун, "Мансард" толук курулуп бүтө элек коттеждик үйүнүн, "ВАСО" ишканасынын акцияларын сатып алууга талапкер жок болгондуктан, аталган мүлктөр сатыктан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан