Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн эртең улантат

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзүн уланткан Текебаев 2010-жылы 13-майда эртеден кечке жыйындарда болгонун жана ага берилди делген 300 миң доллардын кандай жолдор менен өлкөгө келгенин тастыктаган бир дагы факты жок экенин билдирди.

Андан соң Өмүрбек Текебаев жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялоону соттон сурады. Бирок сот ага макул болбой "10 мүнөт эс алыңыз" деди. Текебаев мыйзамды көрсөтүп "окуп берейин, сотту улантууга укуктуу эмессиз" деп жооп берди. Андан соң сот Айбек Эрнис уулу эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн 10-августта баштаган. Бүгүн үчүнчү күн уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jelezo
2017-08-14 18:49:35
Сот сот эмес эле прокурор болуп алыптыр же АШАга жагынып жатат окшойт ал байкушту да тушунуш керек кунуго коркутуу болуп жатса керек.
+6
nursultanbek
2017-08-14 19:07:32
Атамбаев кетсин !!!
+11
mir777
2017-08-14 22:28:08
nursultanbek,+
0
Melis2014
2017-08-14 19:26:23
Атамбай кетсин кетсин 6 жылда бир да жылыш болбоду кыргызстанда
+8
Revolyutsiya2
2017-08-14 19:36:57
Кетсин десек Акаев, Бакиевге окшоп уурдап-тоногон байлыгын артынып кетип калат бир куну...

Андан коро "Атамбаев камалсын, уурдап-тоногондорун куссун!" деп чыгыш керек болуп калды.....
+5
KUBI
2017-08-14 20:11:42
Текебаевди дагы кесип салат окшойт.уже билинип калды.
+1
meku89
2017-08-15 01:32:04
Сотто семья деген барбы же иш убактысы бутконуно карабай иштесе ото патриот окшойт да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан