Бокс боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Дүйнө чемпиондугуна катышууга даярданууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 8-23-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына 7 боксчу, машыктыруучусу Кенжебек Акылбаев менен барып машыгууларды өткөрөт. “Курама команданын мушкерлери машыгуудан мурун Кара-Балта шаарындагы мелдешке катышат. Андан соң Казакстанда өтүүчү эл аралык мелдешке аттанат”,- деди Акылбаев. Ал эми бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 17-25-август күндөрү Украинанын Киев шаарында өтмөкчү.