Айгүл Текебаева 2010-жылы Камчыбек Ташиев берген белекти көрсөттү

Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева 2010-жылы Камчыбек Ташиев берген белекти көрсөттү. "Өмүрбек Чиркешович үйгө 4,5 литрлик вискини көтөрүп келип калды. "Бул кайдан?" деп сурасам "Камчы үкам, туулган күнүмө белек кылып берди" деди. Бул виски ошол учурдан бери эле ичилбей үйдө турат. Үйдү жыйыштырган сайын "Камчы берген" деп эстеп коём", - деди Текебаева.

Кечээ, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Анда Ташиевдин үнүнө окшош адамдын "Мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби?" дейт, "келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23дө" деп. Эсимде жок, ай, вино бергенимди, куттуктаганымды, мен никогда аны куттуктаган эмесмин туулган күнү менен" деп айтканын угууга болот.

Текебаев болсо бүгүнкү сотто "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудио жазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
odin-takoy
2017-08-14 19:29:19
Текебаев чотонов садыр жапаровдорго сабыр тилеймин
+16
avtogrand
2017-08-14 19:44:13
Кечетен бери сөз болуп аткан аудиозапиське Ташиев супер инфо аркылуу жооп берип койсо болот эле.
+9
Tolkun555
2017-08-14 19:56:05
7 жылдан бери ичилбей уйдо турганына молодец.соз жок.
+8
isabek1977
2017-08-14 21:10:32
Теке турмодон чыкса вискини ачып баарынарга жууп берет.Ташиев менен Бекназаровду чакырганды унутпагыла.Баарынарга жеткидей.
+15
turmus
2017-08-14 23:08:40
Жапаровду баатыр кылбай эле койгулачы.
-11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан