14-августта өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар эки өлкөнүн азыркы жана мындан кийинки кызматташуусу тууралуу талкуулашты. Алмазбек Атамбаевдин Орусияга барган иш сапарындагы түзүлгөн келишимдердин ишке ашуусун сөз кылышты. Ошондой эле "Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү эл форумунун" жыйынтыгы боюнча дагы сөз болду.