Алмамбет Шыкмаматовдун соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Депутат Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселдин үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум бүгүн, 15-августта уланмак. Бирок бул сотко төрагалык кылуучу Айбек Эрнис уулу бүгүн депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жаткандыгына байланыштуу отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Аталган үч адамга ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК "Шыкмаматов Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турган учурунда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп жатат. Ал эми Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп атап келет.

Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан