Бүгүн, 15-августта “Таза шайлоо” кыймылынын алкагында борбор калаада жыйын өттү. Анда шайлоону айкын жана таза өткөрүү боюнча маселелер талкууланды. Жыйынга президенттикке талапкерлер, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери, укук коргоочулар жана саясатчылар катышты.
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров өз сөзүндө мындай жыйындар буга чейин да өтүп келген. Жыйындардагы талкууларга катышкан талапкерлер анда айтылган сөздөргө макул болгону менен, шайлоо башталгандан кийин эле унутушчу.
"Канча шайлоо өттү, ар бир шайлоонун алдында мындай жыйындар өткөрүлөт. Бирок шайлоо башталгандан кийин баарыбыз өз жолубуз менен кетип калабыз, мыйзамдуулукту сактаган эч ким жок. Шайлоодо мыйзамдуулукту сактайлы, шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйлү, мыйзам бузууларды аныктап, аларды алдын алалы. Мурдагы шайлоолордо талапкерлер өздөрүнүн атын тизмеден таппай калган учурлары, добуш сатып алуу аракеттери көп болгон. Келе жаткан шайлоодо ага жол бербөө керек", - дейт Адахан Мадумаров.