Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 6-класста окуган эркек бала асынып алды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады.
Анын айтымында, окуя 9-август күнү эртең менен саат 10:30дар чамасында болгон. Анда мектеп окуучусу өз үйүнүн алдындагы жаңгакка асынып алган.
"Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында бала эмне себептен улам бул жолго барганы белгилүү болот. Ал бала ата-энеси менен эле чогуу жашап, мектепте да жакшы окуп, жакшы эле жүрчү экен", - деди Ашырбаев.