Астанада өтчү көк бөрү боюнча чемпиондукка Манас Ниязовдун аргымагы кетип, өзү калды

Кыргыз курама командасы Казакстандын Астана шаарында 20-28-август аралыгында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасынын тизмесине өзгөртүү киргизилген. Анда Кыргыз курамасынын оюнчулары Манас Ниязов жана Бактияр Жабагиев тизмеге киргизилген эмес.

Бул чечим көк бөрү күйөрмандарынын арасында кызуу талкуу жаратууда. Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири болгон Манас Ниязовдун катышуусундагы оюнду көрүүгө ат майданга келген күйөрмандар ар дайым көп болгону маалым. Көк бөрү федерациясынан мыкты оюнчунун чемпиондукка барбай калышы боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми Манас Ниязов SUPER.KG порталына эмне себептен Дүйнө чемпиондугуна катышпай калганын айта алган жок. "Эмне себептен барбай калганымды федерациядан мага билдиришкен жок", - деди ал.

Кыргыз курама командасынын тизмесине Ниязов менен Жабагиевдин ордуна Акбар Иманбеков жана Нуржан Мелисбек уулу чакырылган.

Маалымдай кетсек, Астана шаарынын “Казанат” ат майданында өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы “А” тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары менен күч сынашат.

Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү курама командасы:

Жолдошбек Орозбаев ("Ынтымак" командасынан) минген аты Арбат;

Тынчтык Кабылбеков ("Ынтымак" командасынан) минген аты Торпеда;

Карыпбек Эшиев ("Ынтымак" командасынан) минген аты Эрке-тору;

Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтымак" командасынан) минген аты Бойка;

Урмат Раушан уулу ("Ынтымак" командасынан) минген аты Ахилес;

Сейтбек Анарбек уулу ("Ынтымак" командасынан) минген аты Алтын-Каз;

Кубаныч Султан уулу ("Биримдик Аю" командасынан) минген аты Атаман;

Рустам Тыналиев ("Биримдик Аю" командасынан) минген аты Комбат;

Нурманбет Койчукеев ("Биримдик Аю" командасынан) минген аты Туман;

Акбар Иманбеков ("Достук командасынан") минген аты Рекорд;

Таштемир Замирбек уулу ("Достук командасынан") минген аты Алай;

Аскат Батырбек уулу ("Достук командасынан") минген аты Токмок.

Манас Ниязов "Супер-Инфого" берген маегинде "минип жүргөн аргымагымдын аты Бойка. 10 миң долларга сатып алгам. Аны өзүм багып, таптайм. Ал менин, мен анын сырын билем. Бул оюн учурунда абдан жардам берет" деген. Бойканы эми бул чемпиондукта Нуржан Мелисбек уулу минери белгилүү болду.

Көк бөрү боюнча улуттук курама Дүйнө чемпиондугуна жөнөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Janybekleilekkg
2017-08-15 19:09:06
Кок-бору оюну дагы саясатташып кеткен окшойт,алдын ала бир командага места бериш учун башка команданын мыкты оюнчусун себеби жок эле оюнга катыштырбай
0
satbek
2017-08-15 19:22:31
Бул деген Федерациянын алсыздыгы,казактар эмес биз кыргыздар чечиш керек ким барат,ким барбайт.Казактар Манас келбесин десе эле жонотпой койбой.Казактар берсе керекда Манас келбесин маа силерге мынча акча деп.Жигиттер АК Жол силерге!!!Жениш мн келгиле.Манастын жоктугун билдирбегиле.
+6
Leilek-razzakov
2017-08-15 20:11:57
Икрамжан аяш ава көк бөру конфедерациясынын президенти боло калдыбы? АША нын доорунда жыргадыго. Жигиттерге ийгилик! Женил барып, оор келгиле.
0
Kubinis
2017-08-15 20:28:05
ишенген козурубуз Манас калып жатса аябай окунучтуу. Ал жакта да акча ойноп калганго тилекке каршы. Макул эми калган жигиттерден умутубуз чон
+2
Bello
2017-08-15 20:28:20
Ийгилик жигиттер
+1
aza84
2017-08-15 20:52:03
2 жылдан бери чемпиондукту бербей келе жаткан чемпиондор кетиптирго алга силерге
0
kyrgyz.93
2017-08-15 22:44:22
Икрамжан ава кок боруну тушунобу озу
+2
kyrgyz.93
2017-08-15 22:44:44
Жакшы иштебей жатат окшойт
0
jarkyn_jakta_jasha
2017-08-16 03:01:03
Казактар эмес озубуздукулор эле коро албастык болду. Ошол учун да так жооп бербей жатышат. Манас буйруса мындан масштабдуу оюндарга катышасын. Келечек жеништер алдыда! !!!!
0
kurstan_810502
2017-08-16 04:21:02
Алга Кыргызтан
0
kurstan_810502
2017-08-16 04:21:58
Женищ менен кайткыла
0
admin_superstan
2017-08-16 10:57:20
ukmuw-ukmuw, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз.
0
Erkinbek1978
2017-08-16 20:23:08
Манас жок улактын кызыгы жок сейитбек рустам алга
0
arimaz89
2017-08-16 20:44:58
Акча учун олко намысын эмес, оз энелерин саткандан кайра тартпагандар Манасты калтырганы учун канча $ алышты экен?!
0
Elnura1997
2017-08-17 23:34:02
Минген аттарынын аттары жакты ийгилик менен коштолсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан