Мэр Албек Ибраимов: “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору Бишкектин Чүй жана Манас кең көчөлөрүндө ишке аша баштайт”

“Таза коомдун” алкагындагы “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору Бишкектин Чүй жана Манас кең көчөлөрүндө ишке аша баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттө өткөн отурумда мэр Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, Чүй кең көчөсүнө Турусбеков-Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, ал эми Манас кең көчөсүндө Жибек Жолунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин орнотулат. “Акылдуу шаар” долбоору жол эрежелердин сакталышын фото жана видеого түшүрүү системи аркылуу көзөмөлдөп турат. Мэр пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Бишкек жана Ош шаарларында видеокөзөмөл толугу менен орнотула турганын айтты.

Ибраимов билдиргендей, бул долбоорго премьер-министр кол койгонун белгиледи. Анда жол эрежелерин бузган айдоочулар төлөгөн айып пулдун 50 пайызы жергиликтүү бюджетке, 40 пайызы Каржы министрлигине, 10 пайызы Ички иштер министрлигине түшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан