Бүгүн, 15-август күнү Бишкектеги Күрөңкеев жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде эки машина сүзүштү. Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы саат 15:15 чамасында катталган. Анда Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа Күрөңкеев көчөсү менен келе жатып, Эркиндик көчөсүндө келе жаткан Волганы сүзгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Ошондой эле күбө кырсыктын келип чыгышына Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлүү экенин айтты.