SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аз кандуулук" деген темада автор: "Салам, достор, сурайын дегеним мен көпкө отуруп же жатып анан ордумдан турганда көздөрүм караңгылашып, денем чымырап, титиреп кетем. Кээде жыгылып 5-10 секунд эсимди жоготуп коём. Ошол кезде ар нерсе көрүнүп, таш кулап келе жаткандай болуп кетет. Бул эмнеден, достор? Билгендер болсо кеңеш бериңиздерчи?" - деп колдонуучуларга кайрылган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менимче, бул аз кандуулук. Менде да ушундай көрүнүштөр болуп турат. Врачка айтсам "каның аз экен" деп витамин жазып берген. Витамин ичиш керек, жүзүм жеш керек, анан анча-мынча коньяк ичип туруу керек".
"Бул аз кандуулуктан келип чыгат. Сөзсүз дары алып каныңызды көбөйтүңүз. Аз кандуулук - бул алсыздыкка, өнөкөт ооруларды козгоого алып келет. Андыктан тез арада бул оорудан арылыңыз, кийин төрөттө кыйын болуп калат. Сизге эле эмес балаңызга да кесепети тиет. Аз кандуулук менен ооруп төрөлгөн балдар эч нерсеге көңүлү жок, түшүнүгү тайыз адам болушат. Окууда да кыйналышат, унчукпай, сүйлөбөй отура берген балдар аз кандуулук менен ооруган балдар. Ошондуктан өз ден соолугуңузга кам көрүңүз".
"Көбүнчө жүрөк оорусу барлар ушундай жагдайларга көп арызданышат. Мендей акылынан азган адам болбосоңуз, сизге кардиологго барып келүүнү сунуштайт элем".
"Бул аз кандуулуктун белгиси. Эгер алың кетип, жаның жер тартса - бул аз кандуулук. Доктурга барып көрүнсөң, ачыгын айтат. Менин карындашым каны аз болуп, жыгылайын деп калган. Апам таруу бозо салып берди. Он күн дегенде эки бети албырып, өңүнө келип калды. Дары-дармек, уколдон көрө таруу бозо салып ич. Тез арада каның көбөйөт. Таруудан башкасы болбойт".
"Аз кандуулуктун (анемия) белгилери, дагы бир аз жүрө турсаңыз кулагыңыз угуп-укпай, тамакка табити тартпай баштайт. Врачка барыңыз, бирок "анемия" деп диагноз койгон болсо канды көтөрүү кыйынга турат. Канды көтөрүүнүн 1-2 ыкмасын жаза кетейин. Күндө эртең менен 1 аш кашык таза балды 200 грамм кайнатылган жылуу сууга кошуп ичесиз.
500 грамм грек жаңгагын майдалап, ага 100 грамм алое ширесин, 3-4 лимондун ширеси менен 300 грамм балды аралаштырып, даяр болгон боткону күндө 3 маал 1 чай кашыктан тамактан 30 мүнөт мурун жейсиз. Бул рецепттерди өзүм колдонуп көрдүм, азыр да колдонуп жатам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.