Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 12-август күнү саат 18:30 чамасында "Ак-Жол" ишканасына караштуу көмүр казган шахтада болгон.
"Көмүр казып жаткан 1980-жылы туулган Сапарбек Салямовду 600 куб метр жер кыртышы басып калган. Анын жансыз денесин төрт сааттан кийин гана чыгарышкан", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Айта кетсек, жыл башынан бери Сүлүктү шаарындагы шахталарда 9 адам каза болду.