Бүгүн 2 президенттикке талапкер мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калды

Бүгүн, 15-августта 2 президенттикке талапкер мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калды. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Марат Иманкулов, Өмүрбек Бөлтүрүков, Аскарбек Абышев, Советбек Абыкулов тил сынагын тапшырган.

Алардын ичинен Иманкулов 86,15 балл, Бөлтүрүков 87,21 балл топтоо менен сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми Абышев 54,46 балл жана Абыкулов 43,53 балл алгандыгына байланыштуу алар сынактан өтпөй калышты.

Эскерте кетсек, талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Riokyrgyz
2017-08-15 19:24:58
Мен да президенттикке койсомбу,эмне кылсам.Баш катып жатат,хехе
Президенттиктин деле кадыры кете баштартыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан