Бишкекте 11 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 11 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түшкө маал Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Белгисиз айдоочу 11 жаштагы эркек баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин негизинде 1983-жылы туулган Т.У. аттуу айдоочу кармалды. Азыркы тапта унаа айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди. Ал эми жабырлануучу Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
satiev87
2017-08-16 09:11:01
кармалбайм деп ойлоп алдыда
0
admin_superstan
2017-08-16 10:56:07
Munar8625, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан