Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө жактоочу Канат Хасанов отурумду эртеңкиге калтыруу өтүнүчүн айтты.
"Дарыгерлер Өмүрбек Чиркешовичтин кан басымын өлчөп, аны эс алуусун эскертип кетишти. Ошондуктан убакыт кечки сегиз болуп калды. Отурумду эртеңкиге калтырууңузду өтүнөбүз", - деди Хасанов.
Ал эми сот Айбек Эрнис уулу "мен да дарыгерлер менен сүйлөштүм. Текебаевдин кан басымы 135.9га чыгыптыр, алар уланта берсе болот" деп жактоочуларды жарыш сөздү уланта берүүсүн айтты.
Мындан улам жактоочу Хасанов Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылып "Урматтуу Акыйкатчы, мына биздин соттор ушундай тартипте иш алып барышат. Бул деген кыйноонун бир түрү, чара көрүңүз" деди.
Оторбаев соттон сөз сураганда "сизге сөз бере албайм" деп андан баш тартты.
Акыйкатчы "Урматтуу сот, кичине калыстыкка көңүл буруп коюңуз" деди. Ошол маалда залда отурган экс-президент Роза Отунбаева ордунан тура калып "Эмне мынча көгөрөсүз, биз эмне 37-жылда жашап жатабызбы?" деп ачууланды.
Сот конвойлорго Отунбаеваны залдан чыгарып салууну буюрду. Жактоочулар экс-президенттин кол тийбестик статусу бар экенин эскертишти. Сот ошол бойдон эч нерсе дей алган жок.
Азыркы тапта отурум айыпталуучу тараптын каршылыгына карабай уланууда. Учурда жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн окуп жатат.