Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө алгач Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн жыйынтыктап, кийин кезек анын жактоочуларына берилди.
Жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн иш күнү бүткүчө айтып бүтө алган жок. Мындан улам жактоочу Канат Хасанов ишти жумуш күнү бүткөнүнө байланыштуу эртең улантуу сунушун сотко айткан. Бирок сот Айбек Эрнис уулу отурум саат 22:00гө чейин уланарын билдирген.
Айыпталуучу тарап буга каршылыгын көрсөтүп, талаш жарым саатка жакын убакытка созулган. Сот каршылыктарга карабай отурумду улаган болчу. Саат 21:00гө жакын отурумга төрагалык кылуучу ишти кароону эртең, 16-августка саат 8:30га жылдырды.