Жалал-Абад шаардык базарында өрткө каршы машыгуулар өтүп, базардын ичиндеги баш аламандык тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, аталган инспекциянын аймактык башкармалыгынын адистери шаардагы "Мадумар-Ата", "Тору", "Айгүл", "Аль-Мадина" жана "Береке" базарларында машыгуу өткөрүштү.
"Иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаалардын базарларга кирип чыгуусуна олуттуу тоскоолдуктар жаралды. Себеби сатуучулар соода күркөлөрүн баш аламан, унаалар өтчү жолдорго орнотуп алышкан. Жеринде инспекциянын инспекторлору тарабынан соодагерлерге баш аламан күркөлөрдү жылдыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми базар ээлерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди. Бир айлык мөөнөттө белгиленген мүчүлүштүктөр жокко чыгарылбаса, базар ээлерине мыйзам чегинде чаралар көрүлмөкчү.