Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун өкүлү Замира Жороева президенттикке талапкер Темир Сариев үчүн тост айтканына байланыштуу жумуштан кеткен эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына аталган комиссиянын аппаратынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жороева 11-июлда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. БШК анын тажрыйбасын, билимин баалап учурда окутуу борборунда окутуучу болуп иштеп жатканын билдирди.
Эске салсак, 15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева өзүнүн интернеттеги баракчасына БШКнын Баткен облусундагы өкүлү кызматтан кеткенин жазып чыккан. "Өкмөттө иштегендердин бири "Замира Жороева кайсы бир кечеде "Ак Шумкар" партиясы жана Сариев үчүн тост айтты" деп арызданган экен. Анын кесипкөйлүгүнө эч кандай доомат жок болчу. Жумуштагы эффективдүүлүгү үчүн облуска өкүл болуп дайындалган. Жороеванын айтымында, ал Темир Сариевди тааныбайт экен", - деп жазган Журабаева.