Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылына караштуу Чуңкурчак жайлоосунда
22-25-август аралыгында коомдук ишмер Таабалды Эгембердиевдин элесине арналган олимпиадалык жаа атуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 11 Кыргыз спортчу катышат жана Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Бангладеш өлкөлөрүнөн спортчулар келишет. Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өткөрүлөт. Чоңдор 70 метр жана андан жогорку аралыкта күч сынашса, жаштар 60 метр жана андан жогорку аралыкта күч сынашат.
Кыргыз курама командасы:
Эркектер арасындагы мелдеште (70 метр аралыкта):
Улукбек Курсаналиев - спорт чебери;
Мирбек Сыдыгалиев - спорт чеберге кандидат;
Нурсултан Мухамбетов - спорт чеберге кандидат;
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште (70 метр аралыкта):
Асел Шарбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери;
Анастасия Ермолина - спорт чеберге кандидат;
Жибек Канатбек кызы - спорт чеберге кандидат;
Жаштар арасындагы мелдеште (60 метр аралыкта):
Айтурган Маматкулова - спорт чеберге кандидат;
Сабина Турарова - спорт чебери;
Диана Канатбек кызы - спорт чеберге кандидат;
Аяна Рустам кызы - 1-разряд;
Азим Осмоналиев - 1-разряд.