Аксыда үлпөт тойго чыгып милиция бөлүмүнүн алдынан жарышып өткөн кортеждеги унаалар айып жайга токтотулду

Буга чейин интернетке Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдынан жол эрежесин бузуп, жарышып өткөн унаалардын видеосу тараган. Видеодон айрым унаалардын жолдун карама-каршы тилкеси менен баратканын көрүүгө болот.

Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, окуя 7-август күнү болгон.

"Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдынан жол эрежесин бузган кортеж өтөр замат эле Патрулдук милиция кызматкерлери артынан кубалап барып токтотушкан. Кармалган 6 унаанын ээлерине административдик кодекстин 249-беренеси (автобейбаштык) менен протоколдор түзүлүп 3 миңден 5 миңге чейин айып пул салынган жана Мерседес Гелендваген үлгүсүндөгү унаалары айып аянтчасына токтотулган", - деди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова.

Аксыда жол эрежесин көзгө илбеген кортеждеги унаалар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
keba300989
2017-08-16 11:15:57
булар жаштарды кызыктырыш үчүн арнерсе кылып айдайт.
+3
Atas
2017-08-16 11:47:36
Ras kylyptyr joldogu koopsuzduktu saktabai aidashat , kolunda bar nersesine koop ketishti da
+2
Syn4y
2017-08-16 12:04:21
kuubaptyr go
-2
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-16 12:23:58
штрав салып азайтыш керек мындай жапайычылыкты жон еле обу жоктук кылышат кортежде жургондор
+2
shankol88
2017-08-16 12:43:27
Бүүт байлардын машинеси даа акча берип чыгып кетишет,кайрале ушу көрүнүш...азыр сезон башталды тез еле алып чыгып кетет...
0
kanatbekabytovich82
2017-08-16 13:20:13
Ашып кетсе мин сом штраф саласынар да кайра кое бересинер да...
Двойной сплошной полосаны тебелеген айдоочуга даже штрафтын жок экендигин биздин менттер билбесе дагы керек???сразу лишение права!!!
Анан сирена,сб дегендер спец автодон башкага коюлбашы керек,эээ,короче,Кыргызстанда "пулун болсо халтада,...... Ялтада"деген жашоо да,бирин олуп бирин кал!
0
Parish
2017-08-16 13:46:08
Ушинтип айдап анан оту жарылат да анан туура эле тартып коюуптур.
0
brit
2017-08-16 17:18:48
Жапайычылык да. Машинанын айнегинен чыгып алышканына не дейсин. Мен баратам ушул машинада дегенсип. И так Эле жол кыргысынан канча адам олуп жатат акыркы кундору. Штрафты 1000-2000сом эмес 10000-20000сомго кобойтуш керек, ошондо анан акчасынан айрылгысы келбей акырындан Айдайт Беле.
0
Assist
2017-08-16 17:20:32
Бедный Кыргызстан деп ушуларды айт
0
Alibi
2017-08-16 20:38:06
Кыргызстан кедей өлкө дейбиз. Мына биздин кедей өлкөнүн жашоочулары. Кыргызстан качан оңолот, качанга чейин ушундай өлкөдө жашай беребиз ким жооп берет, өлкө качан оңолот?
0
Emkgupa
2017-08-17 09:00:04
Аксыда мындай салтанаттар аябай көп болот, күз келе жатат, эми башталат го. Ичкилик... Тойлогондон кийин сөзсүз бирөө-жарым урушмайы да бар экен) Кичинекей бешиктен бели чыга элеги да жол тосмойду билишет)) Тойлогонго гоо эмне жетсин, бирок абайлаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан