Футбол боюнча Кыргыз кыз-келиндер курамасы Казакстан курамасын 3:0 эсебинде жеңип алды

Бишкек шаарында 15-20-август аралыгында өтүп жаткан "3 улуттун кубогу" аттуу футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы эл аралык жолдоштук мелдештин алгачкы беттешинде Кыргыз курамасы Казакстан курамасын жеңип алды. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт.

Футболдук борбордун стадионунда орун алган беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. 1-таймда 2 команда тең эсепте эс алууга кетишти. 2-таймдын башында Кыргыз футболчусу Малика Кадырова казак дарбазачысы менен бирге бир келип эсеп санын ачкан. 69-мүнөттө Рамина Цой эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү. Оюнга чекитти 74-мүнөттө Рамина Цой койду. Анын таамай соккусу дарбазанын бурчуна кирген.

Бүгүн, 16-августта футболдук борборунун талаасында Казакстан-Өзбекстан беттеши орун алат. Башталышы саат 17:30.

Кыргыз курама командасы - Казак курама командасы - 3:0

Голдор: Малика Кадырова (46), Рамина Цой (69, 74).

Беттештин мыкты оюнчусу: Рамина Цой.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
keba300989
2017-08-16 10:28:56
Казактарды 1-0 го утсанар болот эле өзбектерди 5-0 гө уткула
-1
ayjan_90
2017-08-16 10:43:25
Молотцы кыздар эркектерге стимул бердинер
+1
Talantbargy
2017-08-16 10:57:52
Эн негизгиси женишти колдон чыгарышпаптыр,ийгилик силерге,кыргыздын сулуулары.
0
grace
2017-08-16 11:52:34
Ой азаматтар, мына сонун кабар экен. Эми өзбектерди дагы кургак уткула! Жеңишиңер жеңишке улана берсин!
0
satiev87
2017-08-16 13:01:48
Азаматсынар! дайыма алга
0
Sarabi95
2017-08-16 16:38:25
Азаматсынар.Куттуктайбыз
0
maratbek88.88
2017-08-16 20:46:37
Футболисткалардын Арасында бойдоктору бар бекен ааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан