Кечээ, 15-августта Португалиянын автономдуу аймагы болгон Мадейра аралында 200 жылдык эмен дарагы кулап, 13 адам каза болду. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жарыялады.
"Мадейра аралында Фуншал шаарынын тургундары эс алуу багына чогулушуп, өздөрүнүн диний иш-чарасын өткөрүп жаткан маалда дарак адамдардын үстүнө кулаган. Кырсыктан 52 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Алардын жетөөсү оор абалда. Көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалган. Жоон дарактын астында калган 13 адам каза болду. 200 жыл мурда отургузулган эмен дарагы эс алуу багында шам сатып отургандардын үстүнө кулаган", - деп жазылат маалыматта.