Активист: "Илбирсти сактап калуу үчүн аркар, текелерге болгон аңчылыкка тыюу салуу керек"

Бүгүн, 16-августта өткөн маалымат жыйынында активисттер илбирсти сактап калууда жаралган тоскоолдуктар, аны коргоо жолдору тууралуу маалымат беришти.

"Өлкөдө өтүп жаткан этнофестивалдарда же болбосо этно-ресторандарда илбирстин терисинин илинип турганын көрөсүң. Өкүнүчтүүсү алар мурдагы эмес, жакында эле аңчылыктан алынып келинген терилер. Бул мыйзамга карабай илбирске карата аңчылыктын уланып жатканынын далили. Кыргыз мамлекетинин аймагында учурда 300гө жакын илбирс бар деген маалымат берилгени менен, алардын саны 100дүн тегерегинде болушу мүмкүн. Илбирстин санын көбөйтүү үчүн аны азыктандыруу базасын кеңейтишибиз керек. Башкача айтканда, сейрек кездешүүчү аркар, текелерге болгон аңчылыкка тыюу салса, бул маселе чечилиши мүмкүн", - деди "Илбирстин изи менен" долбоорунун автору Владислав Ушаков.

Активисттер балдарга жана ата-энелерге арналган "Барси жана анын достору" аталышындагы экология жөнүндөгү комикстер жыйнагы жарыкка чыкканын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 23-25-август күндөрү Кыргыз мамлекетинде илбирсти жана экосистемди коргоо боюнча форум өтөт. Ага 12 мамлекеттин башчылары, эл аралык уюмдар, жаратылышты коргоо боюнча илимий мекемелер жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2017-08-16 13:57:27
Туура анчылыка тыюу салыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан