ЖЫЛНААМА, 16-АВГУСТ: Жаңы жылдын символуна айланган "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" комедиясынын кинотеатрларда көрсөтүлүп баштаганына 41 жыл болду

Жаңы жылдын символу болгон "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" фильми мындан 41 жыл мурун, 1976-жылы 16-августта кинотеатрларда көрсөтүлүп баштаган.

Жыл сайын Жаңы жыл алдында көрсөтүлүп, үй-бүлөлүк тасма болуп калган фильмдеги окуялар чыныгы жашоодон алынган. Режиссёр Эльдар Рязановго композитор Никита Богословский 31-декабрь күнү мончодон кийин достору менен жолугуп, мас кезинде уктап андан соң Киевде ойгонгон адам тууралуу айтып берген. Бул тууралуу режиссёр алгач пьеса жазып, ал аймактардагы театрларда популярдуулукка жеткен.

Тасманын жаралышы

Мас дарыгердин сүйүүсү тууралуу окуя эч кимге кызыгы жок деп алгач Мамлекеттик кино комитети тартууга уруксат берген эмес. Муну билген комитеттин атаандашы Мамлекеттик борбордук телевидение дароо тартууга макулдук берген. Тасманын бет ачары боло электе эле тасма совет жарандарынын беделине терс таасирин тийгизет деп сындашкандар чыккан. Ага карабай 1975-жылы тасма тартылып бүткөн. Ал бир жылдан соң 1-январда телевидениеде көрсөтүлөт. Мамкино да тасманы көрсөтүүнү чечип, бирок ал үчүн бир канча кадрлар кыркылып фильм 30 мүнөткө кыскартылат.

Көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кинотеатрларда көп жолу кайталанып коюлган. Үч жылда 250 миллион адам көргөнү айтылат. 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.

Кызыктуу фактылар

Надя Шевелеванын ролун аткарууга Людмила Гурченко, Светлана Немоляева, Антонина Шуранова, Киров драма театрынын актрисасы Меримсон өңдүү бир катар артисттер каралган. Рязанов "Сүйүү анатомиясы" аттуу польшалык мелодрамада башкы ролду ойногон Барбара Брыльсканы чакырган. Брыльска сценарийди окуп Варшавадан Москвага учуп келип, Надянын ролуна бекитилген.

Ал эми Женянын ролун актёр Андрей Миронов аткарууну каалаганы айтылат. Тасмада каармандар телевизор көрүп жатканда экранда Андрей Миронов менен Людмила Гурченко башкы ролду ойногон фильм көрсөтүлөт.

Тасмада Надянын үнүн Валентина Талызина коштогон, ырды Алла Пугачёва ырдаган.

Алгач Ипполиттин ордуна актёр Олег Басилашвили бекитилип, бир нече эпизодго тартылган. Кийин атасы көз жумганына байланыштуу тасмага тартылуудан баш тартат. Бул ролго актёр Юрий Яковлев чакырылат. Тасмада Женя айнектен Ипполиттин сүрөтүн ыргытат, кийин Надя кардын үстүнөн Юрий Яковлевдин эмес Олег Басилашвилинин сүрөтүн алат. Жаз келип кар эрип кеткенине байланыштуу бул кадрды кайра тартууга жетишпей калышкан.

Эльдар Рязанов өзү учакта Лукашиндин жанында отурган жүргүнчүнүн ролун аткарган. Кийин Рязанов өзүнүн чачы таз болуп калганын көрүп кейигенин айткан.

Жаңы жыл алдында достордун мончодо болгон жолугушуусун май айында, "Мосфильмдин" имаратында тартышкан.

"Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" тасмасы жыл сайын Жаңы жылдын алдында көрсөтүлүп келет. Режиссёр Тимур Бекмамбетовдун "Тагдырдын тамашасы. Уландысы" тасмасы 2007-жылы элге тартууланган. Анда каармандардын 30 жылдан кийинки жолугушуусу болот. Уландысы да эң көп көрүүчү топтогон тасма аталган.

16-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан