ЖЫЛНААМА, 16-АВГУСТ: Тасма көргөндү эмес, аны жаратканды жакшы көргөн, "Титаник", "Аватар" тасмаларын тарткан легендарлуу режиссёр Жеймс Кэмерон 63 жашка толду

Бүгүн, 16-августта экшн жанрындагы тасмалардын "атасы", дүйнөлүк кинематограф тарыхында кайталангыс, компьютердик графиканын жардамы менен укмуштуудай кооз картиналарды жараткан эмгекчил, легендарлуу режиссёр Жеймс Кэмерон 63 жашка толду. Ал 1954-жылы Канаданын Капускасинг шаарында төрөлгөн. 5 бир туугандын улуусу, атасы электрик, апасы сүрөтчү.

1960-жылдары үй-бүлөсү менен АКШнын Калифорния штатына көчүп барып, мектепти аяктаган соӊ атасынын сунушу менен Калифорния университетинин физика факультетине тапшырат. Бирок окуусун ара жолго калтырып, өзү кино ааламына сүӊгүп кеткен.

Ийгилик режиссёрго 1984-жылы "Терминатор" тасмасы жарыкка чыккандан кийин келген. Анын айтымында, фильмдеги баш каармандын образы Жеймс сасык тумоо менен ооруп, уктап жатканда түшүнө кирген. Түшүндө ал түрдүү учурларда сырткы көрүнүшүн өзгөртө алган коркунучтуу жандыктан кутулууга аракет кылган аялды көргөн.

Ал эми 3D форматында "бум" жараткан, экинчиден авторго эӊ көп каражат алып келген тасмалары – "Аватар" жана "Титаник". Бул эки тасма тууралуу Жеймс мындай дейт:

"Титаникти" тартып баштаганда мынчалык ийгилик жаратат деп ойлогон эмесмин. Фильмге көп каражат кеткенде "болду, өзүн актабайт" деп түӊүлүп калгам. Бирок прокаттан өзүн көп эсе актап койду. Көрсө, адамдарда сүйүү сезими эӊ бийик тура. Ошол учурда мен Кытай, Францияны кыдырып калдым, сүйүү үчүн өлүмгө даяр болгон Леонун чач жасалгасы модага айланып кетиптир".

"Титаник" тасмасын тартуу учуру.

Кызыгы, "Титаниктеги" Жек тарткан сүрөттөрдүн автору – Жеймс Кэмерон. Тагыраагы, Жек Роузду тартып жаткан эпизоддогу экрандагы колдор Кэмерондуку. Ал сологой болгондуктан кадрларды “күзгү” эффектиси менен оңдоп коюшкан.

Режиссёрго "сизге кандай тасмаларды көрүү жагат?" деп суроо беришсе, "мен тасма көргөндү эмес, аны жаратканды жакшы көрөм" деген жооп узатат.

"Мага күнүмдүк тажатма жашоону тасма кылып тарта берген жакпайт. Кино көрүп жатканда каармандар жүргөн жерге барып калсаӊ кандай сонун. Мисалы, "Аватардагы" Пандора планетасына... Кинодогу бул кереметти көрөрманга жеткизүүдө 3D форматы жакшы жардамчы. Ошон үчүн да "Аватарды" тартууну чечкем", - деген режиссёр 2009-жылы көрөрмандарга дагы бир кино тармагындагы шедевр чыгарманы тартуулаган. Ал "Аватар" тасмасы эле.

Тасма дүйнөлүк прокатта жалпы 2 миллиард 700 миӊ доллардан ашуун каражат чогулткан.

Жеймс "Жөргөмүш адам", "Трансформерлер", "Терминатор-3″ тасмаларына режиссёр болушу мүмкүн эле. Бирок бир нече себептерге байланыштуу ал кызматты аркалабай калган.

Жеймс Кэмерон кино тартуудан сырткары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түрдүү долборлорго катышып келет. Ошондой эле ал океандын эң терең чекити болгон Мариан ойдуңуна түшкөн дүйнөдөгү үчүнчү адам. Ал эми ал жерде 3 саатка жакын турган 1-адам.

Жеке жашоосу:

Кэмерон 5 ирет үйлөнгөн. Анын нике күбөлүктөрүндө официант Шэрон Уильямс, кинопродюсер Гейл Энн Хёрд, режиссёр Кэтрин Бигелоу, актриса Линда Хэмилтон жана азыркы жубайы актриса Сьюзи Эмистин ысымдары жазылган. 3 кыз, 1 уулу бар.

16-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан