Орусияда Кыргыз жаранынын бакка асылган жансыз денеси табылды

Орусиянын карамагындагы Саха (Якутия) Республикасынын Усть-Нера шаарындагы токойдон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 9-августтан 10-августка караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар 21 жаштагы Кыргыз жаранын сабап өлтүрүп, бакка асып кетишкен.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, Кыргыз жаранынын өлүмүнүн себеби иликтенип жатканын билдиришти.

"Маркум 21 жаштагы И.А. аттуу Түп районунун тургуну болгон. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Усть-Нера шаарынын укук коргоо органдарына кайрылуу жиберилди", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admiral
2017-08-16 14:32:23
Окунучтуу
+8
kanatbekabytovich82
2017-08-16 16:47:48
Саяк журсон таяк жейсин деген создун мааниси чон!
Жон жургон адамды олтурмок тургай ким согот,ким катуу айтат???
Ошол белгисиз бироолор белгисиз эмей эле кыргыздын жараны болуп чыгат,мени айтты деерсинер...
2002ден бери мен да чет элдемин,т.е орусияда,кыргыздын душманы кыргыз!!!
+6
nurhan2702
2017-08-16 17:25:13
kanatbekabytovich82,ооба точно ошондой болуп чыгат.бирок ал кандай жургонун каяктан билесин.балким куноосу жок жерден жаман адамдардын колуна тушуп калгандыр
+4
arzygulR
2017-08-16 19:28:12
Жайы жанатта болсун. Чет жерде жургондорду Аллах озу сактасын тынч аман уйлоруно кайуу насип этсин
+7
AKCAHAT
2017-08-17 02:55:17
Кыргыз кыргызга гана кучу жетет))
+1
AzKumFerDan
2017-08-17 03:43:17
Бизге биримдик жетишпей келет бири бизге куйбойбуз,коргобойбуз тескериси бирибирзди уруп согуп туртобуз биримдик жок .Ошол себептерден ушундай нерселер коп болот .Бей ажал кетиптир жаны кургур жайы бейиш болсун.жакындарына сабыр берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан