Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргыз мамлекети жакын жана ишенимдүү кошуна өлкө экенин айтты

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргыз мамлекети жакын жана ишенимдүү кошуна өлкө экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-августта Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан өкмөттөр аралык отурумда билдирди.

Ал эки өлкөнүн салты, маданияты, рухий дөөлөттөрү бирдей экенин белгиледи. Ошондой эле 2016-жылы эки тараптын мамилеси бекемдегенин билдирди. "Мамиленин бекемдешине эки өлкөнүн президенттери Шавкат Мирзийоевдин жана Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң. Мындан улам кызматташуунун жаңы барактарын ачтык. Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү өтөт деп ишенем. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында товардын жүгүртүүсү жогорулады. Мындан ары дагы жогорулайт деп ишенебиз. 2018-жылы Кыргыз өлкөсүндө Өзбекстандын маданият күнүн өткөрөбүз деп пландап жатабыз. Андан кийин биздин өлкөдө Кыргыздын киносу күнү өтөт. Ошондой эле Ош шаарындагы мектептин курулушуна колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берип жатканыңарга ыраазычылык билдиребиз”, - деди Өзбекстандын өкмөт башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2017-08-16 14:10:31
Кыргызча окусун. Бир нерсе десен улутчул дешет. Аскерге кызмат кылышпаса Кыргыз тилинде суйлошпосо дагы мекенибиз дешет
+7
ayva
2017-08-16 14:38:48
BekAmir,[moderated] дагы ХХХХ пахта койгонду башташты.
0
admin_superstan
2017-08-16 15:24:32
ayva, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
0
AzKumFerDan
2017-08-16 19:16:36
Коомдук жайда кыргызча сүйлөсүн талап кылыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан