Бир нече мүнөттөрдөн кийин ырчы Кенже Дүйшееванын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга сизди кызыктырган суроолорду берип, жооп алсаңыз болот.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелип, мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолоруңузду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып калтырсаңыздар болот. Оригиналдуу собол салган окурманга белек берилет.
15:00. Кенже Дүйшееванын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. "Быйыл ден соолугума көңүл буруп, эс алдым. Көптөр мени көрүнбөй кетти деп жатышат болушу керек. Анткени убактымды үй-бүлөм менен бирге өткөрдүм", - дейт ырчы. Ал алып баруучулардын билимди текшерүүчү суроолорунун көбүнө туура, так жооп берди.
15:08. Суроо: "Чыгармачылык деп жүрүп, турмуш жолуна кеч аттандыңыз. Бир кызыңыз бар экенин билебиз. Эмнеге кызыңызга дагы түгөй алып келейин дебейсиз, кеч болуп калбайбы?"
Жооп: "Турмушка чынында кеч чыктым. Кудайга шүгүр, кызым бар. Мен үй-бүлөм үчүн бардык нерсеге кол шилтеп коюшум мүмкүн. Көп балалуу болгум келет".
Ырчы жолдошу дайыма жылмайып жүрөрүн, токтоолук менен иш кыларын жана учурда курулуш иштери менен алек экенин айтты.
"Чыгармачыл айымдардын жанында дайыма күчтүү эркек болушу керек. Алар турмушка чыккандан кийин кайра сахнага кайтып келүүсү оор. Кенжени Кенже кылган жолдошум деп айта алам", - дейт ал.
15:17. Суроо: "Сизди "Жебе" тобунун жигиттерин өз менчигиндей кылып кызганат деп айтышат..."
Жооп: "Жашоодо кызганчаакмын. Бирок себеби жок кызганбайм. Көп учурда "Жебе" тобунун жигиттерине концерт бүткөндөн кийин сүрөткө түшөм деп кыздар келип, бир сааттай убактысын алып коёт. Ошол учурда ачуум келет. Себеби менде да жумуштар бар. Ушундай учурду кээ бир адамдар топтогу жигиттерди кызганат деп ойлосо керек".
15:27. Суроо: "Сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз? Сиз аябай сулуусуз".
Жооп: "Бардык айымдар сулуу болуп төрөлөт. Адамдын кандай экендиги анын жүзүнөн көрүнөт. Ички сулуулуктан өткөн сулуулук жок болушу керек. Мага ички дүйнөнүн сулуулугу көбүрөөк жагат".
15:36. "Ар бир жумушту аягына чыгарганды жакшы көрөм. "Кыз-Бурактын" тарыхында топто менден көп убакыт иштеген кыз болгон эмес, Гүлшайыр (ред. "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова) эжеден кийин. Мен топко келгенде Сайкал (ред. ырчы Сайкал Садыбакасова) 1 жашта эле, ал 17ге чыккандан кийин кеттим", - дейт ырчы.
Кенже Дүйшеева кыздарга караганда жигиттер туруктуу болорун, алар менен иштешүү жеңил экенин айтты.
15:48. Ырчы редакция даярдаган оюнга активдүү катышып берүүдө.
15:55. "Кызым ырдагысы келет. Бирок мен анын башка кесиптин ээси болушун каалайм", - дейт ырчы.
16:04. Суроо: "Жебе" тобу тарадыбы? Алар эмне үчүн жеке ырчы катары чыгып жатышат?"
Жооп: "Топ учурда иштеп жатат, тараган жок. Качан өздөрү жеке ырчы бололу деп сунушташканда мен каршы болбойм".
16:12. "Балалыгым өтө кызыктуу өткөн. Апамдын мени менен сыймыктанган учуру көп эле болду. Эжелерим калп айтып койсо, апам "Кенжеден сурайм" дечү. Ата-энем мени "адвокат кызым" деп эркелетишчү", - дейт ырчы.
16:19. "Артка кылчайганды жактырбайм. Дагы далай булактын көзүн ачам деп ойлойм. Таланттуу уул-кыздарды тарбиялап өстүргүм келет", - деди Кенже Дүйшеева.
16:31. Суроо: "Сырыңызды кимге айтасыз?"
Жооп: "Сырымды өзүмө анан жолдошума айтам. Жолдошум аны сабырдуулук менен угуп, кеңештерин берет".
16:34. Ырчы белегин өзүнө комплимент айткан күйөрманына ыйгармакчы болду.
16:36. Кенже Дүйшееванын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.