Баткенде маршруттук таксилердин айдоочуларынын саламаттыгы текшерилип, үчөөнүн ден соолугу начар экендиги аныкталды

Бүгүн, 16-августта Баткен шаарындагы автобекетте маршруттук таксилердин техникалык абалы жана айдоочулардын ден соолугу текшерилди. Баткен ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын негизинде бир катар айдоочуларга административдик протоколдор түзүлүп, 3 айдоочунун ден соолугу начар экендиги аныкталды.

"Дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен үч айдоочунун ден соолугу начар экендиги аныкталды. Мындан улам аларга каттамга чыгууга мүмкүн эместиги эскертилип, дарыланууга жиберилди. Бул иш-чаранын негизги максаты жол кырсыктарын алдын алуу", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, жыл башынан бери облус аймагында 110 жол кырсыгы катталып, 25 адам каза болгон. Андан сырткары 201 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу аз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан