Бүгүн футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалынын жооптук беттештери өтөт

Бүгүн, 16-август күнү футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалынын жооптук беттештери орун алат. Анда "Абдыш-Ата" - "Дордой" жана "Алай" - "Нефтчи" командалары ойнойт.

"Абдыш-Ата" - "Дордой"

Кант шаарында "Абдыш-Ата" командасы өз үйүндө бишкектик "Дордой" командасын кабыл алат. Биринчи беттеште "Абдыш-Ата" биринчи болуп гол киргизген, "Дордой" ага 2 гол менен жооп берген. Бул ирет "Абдыш-Ата" өз талаасында ойноп утуп алууга аракеттенет. Ал эми "Дордой" командасы артыкчылыгын жоготпой эсепти көбөйтүүгө аракеттенет.

Эске салсак, 2016-жылы өлкө кубогун "Дордой" командасы жеңип алган. Бул жылы дагы "Дордой" кубокту көтөргөнгө умтулат.

Өтө турган жери: Кант шаары, "Абдыш-Ата" стадиону.

Калыс: Бахадыр Кочкаров.

Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Дордой" - "Абдыш-Ата" 2:1

"Алай" - "Нефтчи"

Ош шаарында жергиликтүү "Алай" командасы Кочкор-Ата шаарынан келген "Нефтчи" командасы менен беттешет. Биринчи оюнда "Алай" командасы өзүнүн өнөрүн көргөзө албай, "Нефтчи" командасына 3:1 эсебинде жеңилип калган. Бул жолу Топ Лиганын лидери "Алай" эсепти өзүнүн пайдасына өзгөрткөнгө шашылат. "Нефтчи" ага жол бербей оюнду коргонуудан баштап, контр-чабуулдан "Алайдын" катасын күтүп колдонууга аракет кылат.

Өтө турган жери: Ош шаары, "Ахматбек Сүйүмбаев" стадиону.

Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Нефтчи" - "Алай" 3:1

Калыс: Дмитрий Машенцев.

Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyz.93
2017-08-16 16:44:44
Былтыр Алай чемпион болгон болчуго дордой эмес же адаштымбы
0
FCBMESSI
2017-08-16 17:14:25
kyrgyz.93,Алай Топ Лигада чемпион болгон жана болоберет Кубокту Дордой утуп алган болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан