Британиялык актёр Дэниел Крэйг 5-жолу Жеймс Бонддун образын жаратууга макул болду. Американын сатиралык "The Late Show" берүүсүнүн алып баруучусу Стивен Кольбер менен болгон маегинде актёр фильмдин кезектеги сериясы тартыла тургандыгын жана ага тартылуу сунушун 2 ай мурун гана укканын айткан.
Анткени менен буга чейин Крэйг ага макулдугун берүүдөн бир нече жолу баш тарткандыгы тууралуу маалымат булактары жарыялаган. Крэйг бул анын британиялык 007 супер агентиндеги акыркы ролу болорун кошумчалаган.
"Мен Жеймс Бонд тууралуу фильмге тартылуунун алдында талкуу өттү, абалды түшүнүүгө аракет кылдык. Мен муну дайыма каалайт элем, бирок ортодон эс алуу керек болду. Бул фильмге акыркы жолу тартылып, күйөрмандар менен татыктуу коштошууну чыдамсыздык менен күтөм", - деген ал.
"Жеймс Бонддун кезектеги 25-фильми 2019-жылдын ноябрь айында көрсөтүүгө чыгат. Анын жаңы сериясынын сценаристтери Нил Первис жана Роберт Уэйд. Алар Бонддун акыркы 6 сериясына сценарий жазышкан. Бирок фильмдин режиссёрлору азырынча коомчулукка белгисиз. Крэйг 2006-жылы бул фильмге Пирса Броснандын ордуна "Казино Рояль" тасмасына тартылуу менен келген. 2008-жылы режиссёр Марк Форстердин "Боорукерликтин ченеми" тасмасы чыкса, 2012-жылы "007: Координаттар "Скайпфолл" чыгып Британиянын тарыхында эң көп каражат алып келген фильм болгон. Бирок кийинчерээк каражат жагынан алдынкы сапка "Жылдыздар согушу: Күчтүн козголуусу" тасмасы өткөн", - деп жазылат маалыматта.