Орусиянын белгилүү шахматчысы Гарри Каспаров карьерасын уланткандан бери алгачкы жеңилүү ызасын тартты. Ал АКШнын Сент-Луис шаарында өтүп жаткан мелдеште өзүнүн жердеши Ян Непомнящийге жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул беттеш мелдештин 5-турунун алкагында орун алган. Каспаров үчүн бул жеңилүү карьерасын уланткандан кийин биринчиси болду. Гарри Каспаров буга чейин 4 беттешти тең эсепте жыйынтыктап, турнирдик жадыбалда 7-орунда жайгашкан. Ал эми Ян Непомнящий 1-орунду америкалык шахматчы Фабиано Каруана менен бөлүшүп келе жатат.
Маалымдай кетсек, аталган мелдеш Гран-Турдун 4-этабы, анда дүйнөнүн күчтүү шахматчылары катышууда. Мелдештин жалпы байгеси 150 миң доллар, анын ичинен 1-орунду алган оюнчу 37,5 миң доллар алат.
Эске салсак, Гарри Каспаров карьерасын 2005-жылы токтотуп, 6-июлда кайрадан карьерасын улантуу чечимин билдирген. Ал шахмат боюнча Дүйнөнүн 13-чемпиону болот.