Шаардык сот "Президенттин кадыр-баркына доо келтирди" деп айыпталган журналистке чыккан чечимди күчүндө калтырды

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаардык сотунда "Президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди" деп айыпталган журналист Нарын Айыптын бир макаласы боюнча жазган апелляциялык арызы каралып, мурдагы чечим күчүндө калды. Айыпталуучу тарап болсо 3 ай аралыгында Жогорку Сотко даттанышарын билдиришти.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "журналисттин жазган макаласында президенттин аброюна шек келтире турган сөздөр камтылган" деп Нарын Айыпты жана "Заноза" сайтын сотко берген эле. Октябрь райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, Нарын Айыптан 3 миллион сом, сайттан 3 миллион сом Атамбаевге өндүрүп берүү чечимин чыгарган болчу.

Нарын Айыптын мындан башка дагы "Заноза" сайтына жарыяланган төрт макаласы боюнча соттон күнөөлүү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Leilek-razzakov
2017-08-16 18:17:00
АША качан бутот концерттерин? Тажадыкко. Тынч эле кетип калчы.
+4
nemo2016
2017-08-16 18:19:31
Тузук тузук соттор буйуртманы так аткарып жатасынар
+1
nur...nur.
2017-08-16 18:43:34
Акча эле болуп калдыго баардык жагы
+3
KUBI
2017-08-16 19:11:01
3 милионду эртереек толосо,мамлекет онугот эле.
-1
SansaNePredaiJohna
2017-08-16 20:57:28
XXXX ген прокурор! оштун аеропортундагы корупциянга качан коз саласын. же долядасынбы
+2
Bars111
2017-08-16 22:54:16
Охооо ошондо Ажообуз 8 млн.го байыйт экенда.
1- Заноза сайты- 3 млн.
2- Нарын Айыптан- 3 млн.
З- дагы бир журналист баладан(аты жөнү эсимде жок) - 2 млн.

Кээде олтуруп ойлонуп кетем.
Мен да АЖОО болсомбууу.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан