Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча тесттен канча балл алгандыгы тууралуу тизме

Президенттикке талапкерлердин 46сы мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 46 талапкердин бешөөсү талаптагыдай балл топтой албагандыктан сынактан өтпөй калган. Өткөндөргө мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Сынактан өтпөй калгандардын тизмеси:

  1. Полотбек Кенжегулов (58,87 пайыз);
  2. Аскарбек Абышев (54,46 пайыз);
  3. Руслан Джунусов (46,1 пайыз);
  4. Советбек Абыкулов (43,53 пайыз)
  5. Калмамат Мактымбаев (24,6 пайыз);.

Сынактан өткөндөрдүн тизмеси:

  1. Адахан Мадумаров (96,7 пайыз);
  2. Турсунбек Акун (94,75 пайыз);
  3. Сооронбай Жээнбеков (94,6 пайыз);
  4. Өмүрбек Бабанов (93,5 пайыз);
  5. Улукбек Кочкоров (91,9 пайыз);
  6. Бакыт Дегенбаев (89,5 пайыз);
  7. Турсунбай Бакир уулу (88,6 пайыз);
  8. Өмүрбек Бөлтүрүков (87,21 пайыз);
  9. Азимбек Бекназаров (86,4 пайыз);
  10. Марат Иманкулов (86,15 пайыз);
  11. Ахматбек Келдибеков (85,9 пайыз);
  12. Рита Карасартова (86 пайыз);
  13. Турат Акимов (85,13 пайыз);
  14. Мукар Чолпонбаев (84 пайыз);
  15. Камчыбек Ташиев (83,25 пайыз);
  16. Темирбек Асанбеков (82,53 пайыз);
  17. Исхак Масалиев (82,25 пайыз);
  18. Канатбек Исаев (82,15 пайыз);
  19. Темир Сариев (81,8 пайыз);
  20. Максатбек Жумабеков (81,6 пайыз);
  21. Камила Шаршекеева (80,9 пайыз);
  22. Кубан Чороев (80,3 пайыз);
  23. Таалатбек Масадыков (79,8 пайыз);
  24. Токтобүбү Таласбаева (79,77 пайыз);
  25. Замира Муратбекова (79,5 пайыз);
  26. Казыбек Шайымбетов (79,37 пайыз);
  27. Алмаз Каримов (77,6 пайыз);
  28. Акылбек Мансуров (77,34 пайыз);
  29. Токтайым Үмөталиева (76,7 пайыз);
  30. Назарбек Нышанов (74,15 пайыз);
  31. Сагынбек Абдрахманов (74 пайыз);
  32. Дамира Токтосунова (73,65 пайыз);
  33. Талгатбек Кожогулов (72,18 пайыз);
  34. Бакыт Төрөбаев (71,8 пайыз);
  35. Санжарбек Энназаров (70,25 пайыз);
  36. Арсланбек Малиев (64,27 пайыз);
  37. Марат Мергенов (61,12 пайыз);
  38. Темиркул Өмүралиев (61 пайыз);
  39. Сайнидин Султанидинов (60,53 пайыз);
  40. Арстанбек Абдылдаев (60,2 пайыз);
  41. Эрнис Зарлыков (60,16 пайыз).

Калган 3 талапкер сынак тапшыра элек. Мирлан Шерикул уулу жана Бакыт Керимбеков тест тапшырууга өз учурунда келишкен эмес. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди сынакка катыштырбоо чечимин кабыл алган.

Талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.

Эскерте кетсек, талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШКга жалпы 59 талапкер шайлоого аттануу үчүн арызын берген. Учурда 49 талапкер калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Merch
2017-08-17 11:47:40
Мадумаров келечектеги президент буйруса
+22
aitowa11
2017-08-17 13:07:35
Эң көп балды Мадумаров алыптырго.
+10
alinurfr8
2017-08-17 13:11:14
Мадумаров только Мадумаров татыктуу президенттике
+7
guli-1980
2017-08-17 13:13:18
Татыктуусу деле татыктуу эмеси деле массовкага чыгышатго
+1
Tansuluu09
2017-08-17 13:14:05
Кандай тесттер болуптур ?
Супер.кж ошол тести бул жергеда жазып корбойсуздорбу ?
Бизда озубузду сынап корот белек .
+2
admin_superstan
2017-08-17 14:12:38
Tansuluu09, саламатсызбы! Тил боюнча улуттук комиссия ал тесттин суроолору жалпыга жарыяланбай тургандыгын билдирген.
+1
Tansuluu09
2017-08-17 20:38:10
admin_superstan,жарыяланбашынын себеби эмне экен э ?
0
Ulanbek1992
2017-08-17 13:20:12
Болсо, ушул шайлоодо болуп кетти Кыргызстан, болбосо дагы 5-10 жыл артка кетти.. Акчага сатылбай татыктуусун шайлап алайлы Кыргыз элим.
+3
Jibek94
2017-08-17 13:51:58
Молодец Мадумаров! Эн жонокой инсан
+1
arawan
2017-08-17 16:11:11
Jibek94,жонокой инсанын каркыраны сатканда добуш берген ооба деп
+1
baltabaev
2017-08-17 14:33:54
Тизмени окуп жатып намыстанып кетесин,
+2
scorp
2017-08-17 14:35:58
Адахан рулит!)) рулиттин кыргызчасы кандай болот эле?)
+1
Nazar76
2017-08-17 16:08:26
Бал алгандарды ирети менен жазбайсынырбы аралаштырбай ылдыйдан ойдого карап ошондо ким коп бал алды андан кийинки ким экени билгенге жакшы болмок
0
admin_superstan
2017-08-17 16:41:50
Nazar76, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
arawan
2017-08-17 16:11:36
бабанов болот
0
Firdaus-Muslim
2017-08-17 17:47:30
Кыргызстандагы акыбалды коруп турасынар, эми ойлонуп татыктуусуна добушунарды бергиле. 500 сом берем 1000 сом берем десе добушубузду сатпай, жаркын келечек учун татыктуусуна берейли добушубузду.
0
Ma9
2017-08-17 19:17:26
Ташиев болсо жакшы болмок бирок кызу кандулука алдырган адатын таштаса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан