Орусиялык "Фабрика" тобунун мурунку ырчысы Сати Казанова жакында эле басылмаларга берген маегинде италиялык фотограф жигитке турмушка чыгып жатканын айткан. Андан көп өтпөй ырчы сүйүктүүсүнө арнаган "Спасибо тебе" ырынын клибин тартуулады.
"Чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгуу жөнүндө ойлогон эмесмин. Анткени менталитет, түрдүү көз караш, башка тил мамиле курууга жолтоо болот дечүмүн. Албетте, бизде кандай болорун айта албайм, билгим да келбейт. Бирок учурда бизде баары сонун" деген Сати Казанова чыгармасы аркылуу сүйгөнүнө болгон сезимдерин билдирген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.