Алтын-Казык жаңы конушунун жашоочулары Бишкектин мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар каттоосу жок болгондуктан балдарын мектепке киргизе албай кыйналып жаткандарын айтышты.
Аталган конуштун жашоочуларынын бири Карамат Рыскулованын айтымында, алардын балдарын Калыс-Ордо жаңы конушунун мектебине албай жатышат. "Анткени биздин каттообуз жок. Электр энергиясы бар, бирок бат-баттан өчүп турат. Ошондой эле суу маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясына келип, маселебизди чечип берүүнү суранабыз", - деди ал.
Ал эми мэриянын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына азырынча бул тууралуу маалыматтары жок экенин билдирди.