"CASA-1000" долбоорунун алкагында 325 чакырымга электр чубалгыларын тартуу, "Датка" көмөк чордонуна тийиштүү кеңейтилген уячаларды орнотуу, тийиштүү жабдыктар менен камсыз кылуу жана 500 мегаваттык реакторду орнотуу үчүн эл аралык тендер жарыяланды. Кыргыз мамлекетинин Улуттук электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаеванын билдиришинче, ишти аткарууга 233 миллион доллар сарпталмакчы.
"Бул долбоор ири болуп жаткандыктан тендердин мөөнөтү 3 айга созулат. Ошондуктан 21-июлда жарыяланган бул тендер 22-сентябрда аягына чыгат. Белгиленген убакытка чейин ага катышууну каалаган компаниялар талаптарга ылайыктап өз арыздарын берсе болот. Бирок алар 1 миллион доллардан кем эмес кепилдик акча каражатын банк аркылуу бекитип бериши керек. Ал эми ишти аткарууга 233 миллион доллар сарпталат", - деди Саргашкаева.
"CASA-1000" долбоорун Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан биргеликте ишке ашырууда. Долбоорду курууга 1,17 миллиард доллар жумшалса, Кыргыз мамлекети республикалык бюджеттен эмес, эл аралык каржы уюмдары тарабынан берилүүчү 233 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат гана жумшайт. Долбоор ишке ашса Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жай айларында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттойт.