Ошто Испаниядан келген жер кезер тоодон кулап бутун сындырып алды. Бул тууралуу 17-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-августта Ош облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы тоодо тоо туризми менен алектенип жүргөн 57 жаштагы испаниялык турист тоодон кулап, бутунун кыр сөөгүн сындырып алган. Натыйжада турист "Тез жардам" кызматы менен Ош облустук ооруканасына алып келинип, травматология бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы абалы канааттандырарлык.