Бүгүн, 17-августта америкалык белгилүү актёр, режиссёр жана продюсер Роберт Де Ниро 74 жашка толду. "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси болгон актёр АКШнын Нью-Йорк шаарында 1943-жылы туулган.
"Өкүл ата" ("Крёстный отец"), "Ойгонуу" ("Пробуждение"), "Ата-эне менен таанышуу" ("Знакомство с родителями"), "Стажёр", "Казино" жана башка тасмаларда образ жараткан атактуу таланттын туулган күнүнө карата ал жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды, ал айткан сөздөрдү назарыӊыздарга тартуулайбыз.
Актёрдун De Niro фамилиясы италия тилинен сөзмө сөз которгондо Ниро аймагынан дегенди түшүндүрөт, тагыраагы, актёрдун урпактары жашаган Италиядагы жайдын аталышы. Расмий "De" деген сөз жок эле, туурасы "Di" болмок. Бирок АКШдагы иммиграциялык кызматта иштегендердин катасы менен "Di" "De" болуп өзгөргөн.
Келечектеги актёрдун алгачкы дебюту 10 жашында болгон. Мектептеги спектакль коюу учурунда ал коркок арстандын образын жараткан.
1980-жылы "Албуут өгүз" тасмасына тартылуу үчүн Роберт Де Ниро 30 килограммга чейин толгон. Муну менен ал роль үчүн салмак топтогондордун арасында рекорд койгон. Бирок 7 жылдан кийин америкалык актёр Винсент Д`Онофрио ролу үчүн дароо 45 килограммга чейин семирип, рекордду жаӊырткан.
Роберт Де Ниро киного тартылуудан сырткары ресторан иштетүү менен алектенет. Япон башкы ашпозчусу Нобу Матсухиса менен "Nobu" деп аталган ресторандар түйүнүн иштетет.
Актёрдун хоббилеринин бири - өзү тартылган тасмаларында кийген костюмдарын коллекциялоо. Коллекциясында 2600дөн ашуун костюм, 500дөй аксессуар бар экени айтылат.
Актёрдун айткан билдирүүлөрү:
"Мен театрга барганды жакшы көрөм. Ал жакта эч ким сенин тынчыӊды албайт. Жадакалса, мени дайыма эле биле беришпейт".
"Эс-тутумум начар. Бирок кимдир бирөөнүн мага бул жөнүндө эскерткенин жактырбайм".
"Кандай депрессия болбосун аны жылмаюу менен тосуп алыш керек. Ошондо депрессия сизди акмак экен деп ойлоп, качып кетет".
"Эгерде Кудай болсо, анда менде ага көп суроолорум бар".
"Түрдүү адамдар бар: бири чындап өзгөчө нерсе жаратуунун үстүндө баш катырып жүрсө, башкалары андан болушунча чоӊ киреше табуунун аракетин көрүшөт".
"Атактуу болуунун эӊ жаманы - баары сени колунда көтөрүп жүргөнү. Сен болбогон нерсени айтсаӊ да, айланаӊдагылардын баары башын ийкеп турушат. Чынында, сен уккуӊ келбеген нерсени бетке айта алган адамдар керек".
Жеке жашоосу:
Актёр 2 жолу расмий никеге турган. 1976-жылы актриса Дианн Абботко үйлөнгөн. Түгөйлөр бир уулдуу болушкан соӊ 1988-жылы ажырашып кетишкен. Экинчи жолу 1997-жылы Грэйс Хайтауэр аттуу стюардессага үйлөнгөн. 1998-жылы уулу Эллиот, 2011-жылы кызы Хелен туулган.
17-августтун жылнаамасы.